Саламаттык сактоо министрлигине 100 жаңы автоунаа тапшырылды

01.07.2026 | 12:03
Саламаттык сактоо министрлигине 100 жаңы автоунаа тапшырылды — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 1-июлда, Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта Саламаттык сактоо министрлигине ата мекендик өндүрүштөгү 100 жаңы кызматтык автоунааны тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Төрага аземде сүйлөгөн сөзүндө медицина кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражат өлкөнүн келечегине жасалган инвестиция экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2021-жылы тармактын бюджети 21,5 миллиард сом болсо, 2025-жылы ал 52 миллиард сомго жеткен. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта медицина кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатууга бюджеттен кошумча 18,5 миллиард сом бөлүнгөн.

Ошондой эле Касымалиев жаңы автоунаалар аймактардагы дарыгерлердин мобилдүүлүгүн арттырып, калкка, айрыкча алыскы жана бийик тоолуу айылдардагы бейтаптарга өз убагында сапаттуу жардам көрсөтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Scroll to Top