Жемкорлукка шектелген Юрий Низовский үй камагына бошотулду

Жемкорлукка шектелген Юрий Низовский үй камагына бошотулду

№61 мектептин директору Юрий Низовский үй камагына бошотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине адвокат Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.

«Юрий Низовский камактан үй камагына чыгарылды. Билим берүү мекемесинин директорунун кармалышы негизсиз болду деп эсептейм. Буга эч кандай зарылдык жана жетиштүү себеп болгон эмес», — деди Икрамидин Айткулов.

Эске салсак, кечээ №61 мектептин директору Юрий Низовский УКМК тарабынан кармалган. Ага карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 

УКМКнын маалыматына караганда:

▪️ Низовский уюштурган туруктуу коррупциялык схемасы ата-энелерден мыйзамсыз акчалай сыйлык алууга мүмкүндүк берген;

▪️балдарды 1-класска жана бала бакчага киргизүүгө жардам көрсөтүү үчүн акчаны кайра-кайра алуу фактылары аныкталды;

▪️мүлктөрүн жашыруу максатында өзүнүн жакындарына жана ишенимдүү адамдарга мыйзамсыз мүлкүн берген;

▪️анын жана жакын туугандарынын менчигинде болжолдуу баасы 150 миллион сомдук 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр (жер тилкелер, коттедждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер) бар экени аныкталган;

▪️ тинтүү иштери кеңседе, батирде жана дачада жүргүзүлгөн. Ири чет элдик валюта, ошондой эле жогоруда аталган мүлккө тиешелүү документтер табылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Юрий Низовский жемкорлукка шектелип камалды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>