Эдил Байсалов Нарын облусундагы социалдык объектилерди кыдырды

Эдил Байсалов Нарын облусундагы социалдык объектилерди кыдырды

Нарын облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын Социалдык фондунун Жумгал жана Кочкор райондорундагы аймактык бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары социалдык коргоо тутумунун ишинин шарттары, ошондой эле анын ичинде бийик тоолуу аймактардын коэффициентин эске алуу менен жергиликтүү тургундарга социалдык төлөмдөрдү эсептөө методикасын көрдү.

Андан соң Байсалов имараты авариялык абалда турган Калык Акиев атындагы райондук музыкалык драма театрында болуп, ошондой эле Жумгал районунун Эпкин айылындагы Акун Садырбаев атындагы орто мектептин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуп, анда бюджеттик тармактын кызматкерлеринин, анын катарында мугалимдердин эмгек акысынын жогорулатылышы тууралуу айтып берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>