Министр Жаныбеков депутат Сурабалдиевага кызыктай сүйлөдү

Министр Жаныбеков депутат Сурабалдиевага кызыктай сүйлөдү

Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков Элвира Сурабалдиевага телефон чалып кызыктай сүйлөгөн. Бул туурасында Жогорку Кенештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламентте айтып чыкты.

“Акыркы эки күндөн бери 10 миллиарддык айыл-чарба насыялары боюнча ызы-чууну угуп жатасыздар. Мага бүгүн Айыл-чарба министри түштөн кийин чалып алып, ар кайсыны айтып жатат. Бизде депутат менен министрдин ортосундагы “субординация” деген эме унутулдубу?  Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн суранатам элем: мага Айыл чарба министри чалып алып, “Сиз түшүнгөн жоксуз, сиз билбейсиз”- деп кызыктай сөздөрдү айтып жатат. 2021-жылы 26-ноябрда президент Коопсуздук Кеңештен 30 жылдан бери чиновниктер айыл-чарбасына деген жеңилдетилген насыяларды алып-алып жөнөкөй дыйкандарга жетпейт. Биз муну өзгөртөбүз дейт. 2022-жылы 40 млрд. сом келет дейт. 10 млрд сомду азыр бөлөбүз деген тизмени мен гана эмес комитеттеги депутаттардын бардыгынын колуна түшкөн. Ошол тизмелерди аныктап, бир айдын ичинде кайсы фирмаларды киргизип алдыңар, эмнеге ачыкка чыгарган жоксуңар десем, айыл чарба министринин орун басары ар кайсыны айтып туруп алды”— деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>