«Кызматыңыз бүгүн бар, эртең жок»: Жамгырчиев Байсаловду сындады (видео)

«Кызматыңыз бүгүн бар, эртең жок»: Жамгырчиев Байсаловду сындады (видео)

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун ишин сынга алды.

Жыйында “Улуттук илимдер академиясынын Э. Гареев атындагы ботаникалык багы илим-изилдөө институтун сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 11-майындагы токтомунун аткарылышы тууралуу маселе каралып жаткан.

Депутат тиешелүү токтомдо көрсөтүлгөн бир дагы пункт аткарылбаганын айтып, Эдил Байсаловдун берген отчетуна нааразы болду.

“Качан келбеңиз, ушундай туура эмес жагдай жаратып кетесиз. Урмат-сыйды билиңиз. Келген сайын кагып-силкесиз. Этегиңизди жыйып, эл менен болуңуз”, — деди депутат.

Ошондой эле, ал Байсалов көзөмөлдөгөн тармак аксап жатканын айтып, Ботаникалык бак бою боюнча маселеге токтолду.

 “Ботаникалык бактын 174 гектар жерин бир адам камсыздайт.  2023-жылга карата 102 млн сом бөлүү каралган. Аны 23 млн сомго кыскартып койдуңар. Бул каражат азыркыга чейин бөлүнө элек. Биз президенттин “Жашыл мурас” аттуу жарылыгын колдоо максатында өз каражатыбыздын эсебинен Европадан 300 түп көчөт алдырып, тиккенбиз. Ошол көчөттөрдүн  30 пайызы соолуп калды. Себеби, ирригация жок. Ал иштер токтомдун негизинде эмдигиче аткарылышы керек болчу. Ирригациянын жоктуганан, ӨКМдин жана “Тазалыктын” унаалары менен бак сурагып жатышат.  21-кылымда ушундай кантип болсун? Мына, сиз көзөмөлдөгөн тармак, президенттин демилгесине ушундай кыянаттык кылып атасыңар”, — деди депутат Жамгырчиев.

Ошондой эле, ал Эдиль Байсаловго сын-пикирди туура кабыл алышы керектигин айтып: “Талаша турган эч нерсе жок. Кызматыңыз бүгүн бар, эртең жок болуп калышы мүмкүн. Биз дагы иштегенбиз аткаруу бийлигинде. Андай үлгү берген туура эмес”, — деп клошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>