Кыргызстандагы эң чоң тоннелди казуу иштери аяктады (видео)

Кыргызстандагы эң чоң тоннелди казуу иштери аяктады (видео)

Кыргызстандагы Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун алкагында салынып жаткан «Көк-Арт» тоннелин казуу иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Тоннелди жумушчулар түндүк жана түштүк тарабынан каза баштап, эки тарап 28-августта «жолугушкан».

Тоннелдин узундугу 3 миң 890 метрди, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуар үчүн каралган) жана бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Ал Кыргызстандагы эң чоң тоннель болуп саналат. Учурда ал жакта тазалоо, бекемдөө иштери уланууда.

Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.

Тоннель 2024-жылдын аягына чейин толук бүткөрүлөт деп пландалууда. Долбоордун баасы 136 млн долларды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>