Эгемендик майрам: Түркиялык Йүрдекөк ат үстүндө жаа атууга катышты

Эгемендик майрам: Түркиялык Йүрдекөк ат үстүндө жаа атууга катышты

Бүгүн, 31-августта Чүйдөгү Чуңкурчак жайлоосунда өлкө эгемендигинин 31 жылдыгы жана Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленди.

Бүгүн Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан иш-чараларды айрым туристтер көрүү үчүн келсе, кээ бири Эгемендик күнүнө карата уюштурулган жарыштарга катышышты. Түркиялык Энис Йүрдекөк ат үстүндө жаа атуу жарышына катышкан.

Бул жактагы уюштуруу иштери мыкты болду. Кооз жаратылышы бар жер экен. Бул жакка өзгөчө бир конуш жасалыптыр. Биз сагынган, эңсегендей даярдалыптыр. Мен катышкан жарышта 45 киши болду. Алдыңкы ондукка кирдим. Мен үчүн жакшы жыйынтык деп ойлойм. Анткени катышуучулардын арасында аксакалы мен болдум. 64 жаштамын. Минген ат, отурган ээрим мен үчүн жаңы болду. Кээ бир катышуучуларга ат үстүндө жаа атуу боюнча айрым ыкмаларды көрсөттүм”, — деди ал.

Сөз аягында ал кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады.

“Бүгүн Кыргызстандын Эгемендигинин 31 жылдыгы белгиленип жатат. Баарын чын жүрөктөн куттуктайм”, — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>