Баш байге батир. Ат чабыштын жеңүүчүлөрү сыйланды

Баш байге батир. Ат чабыштын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 31-августта Чүйдөгү Чуңкурчак жайлоосунда эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы жана Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленүүдө.

Этношаарчада 31 чакырым аралыкка ат чабыш уюштурулууда. Аларга 89 чабандес катышты. Мелдеш Байтик айылынан башталып, Чуңкурчак капчыгайында жыйынтыкталды. Алдын ала жыйынтык боюнча 1-орунду Талас районунан келген Шейшеналы Дүйшембиев (Кара Шумкар аттуу күлүгү) алды. Ал Бишкектен бир бөлмөлүү батир алат.

Ал эми экинчи орунду Жалал-Абад облусунан келген Кайыма Амановдун Ак таноо аттуу аргымагы алды. Ал сыйлык катары 500 миң сом алат. Үчүнчү орунду Ысык-Көл облусунан келген Болот Абакировдун Ак чий аттуу аргымагы келип, 300 миң сом байгеге ээ болду.

Төртүнчү жана бешинчи орунду ээлегендер 200 жана 100 миң сомдон, калган төрт кишиге 50 миң сомдон берилет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ат чабыш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>