Эгемендик майрамы: Ливандык жарандын куттуктоосу (видео)

Эгемендик майрамы: Ливандык жарандын куттуктоосу (видео)

Бүгүн, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда өлкө эгемендигинин 31 жылдыгы жана Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленип жатат.

Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан иш-чараларды көрүү үчүн чет элдик туристтер жана Кыргызстанда жашап жаткан чет элдиктер келген.

Кыргыз кызына үйлөнүп, Кыргызстанда 12 жыл жашаган ливандык Шарбель Юнес (Charbel Younes) кыргызстандык жарандарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

“Мага кыргызстандыктардын өз тарыхын, каада-салттарын сактап калганы жакты. Бул өтө жакшы нерсе. Майрам жакшы өтүп жатат. Дүйнө жүзүндөгү бардык туристтерди Кыргызстанга келүүгө чакырам. Себеби Кыргызстан аябай кооз өлкө. Жаратылышы, аба ырайы эле эмес адамдары да жакшы.  Өзүмдү жергиликтүү катары сезем. Кыргызстанда жашап жатканыма 12 жыл болду. Кыргызстанды аябай жакшы көрөм. Кыргызстанды Эгемендик майрамы менен куттуктайм. Кыргызстанда жана элинде ийгиликтер көп болсун”, — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>