14-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуKyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоор
“Эйр Манастын” Бишкек-Ош багыты боюнча эки тараптуу каттамдары токтотулду
09.10.2019 | 11:29
“Эйр Манас” авиакомпаниясынын Бишкек-Ош каттамы боюнча 9-октябрга белгиленген эки тарапту бардык каттамдары токтотулду. “Манас” аэропортунун маалымат кызматы муну техникалык себептер менен байланыштырды.
Токтотулган рейстердин убактысы:
- Бишкек — Ош, учак саат 07:35те учмак;
- Ош — Бишкек, учак саат 09:50дө учмак;
- Бишкек — Ош, учак саат 12:00дө учмак;
- Ош — Бишкек, учак саат 13:50дө учмак;
- Бишкек — Ош, учак саат 16:00дө учмак;
- Ош — Бишкек, учак саат 18:00дө учмак;
“Манас” жана “Ош” аэропортторунун администрациялары баардык суроолор боюнча 0770781391 номери аркылуу “Эйр Манас” авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө кайрылууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом