ИИМ: Эркин Мамбеталиев Баткен милициясына унаа берген жок, ага айып салынды

ИИМ: Эркин Мамбеталиев Баткен милициясына унаа берген жок, ага айып салынды

«Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткен облусундагы күч органдарынын кызматкерлерине эки унаа тапшырды» деген маалыматты Ички иштер министрлиги четке кагып, Мамбеталиевке айып пул салынганын билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө,  Мамбеталиев жип үлгүсүндөгү эки унаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн ага милиция кызматкерлери айып пул салганы айтылат.

“Милиция кызматкерлери Мамбеталиевге таандык унааларды документтерди текшерүү үчүн токтотушкан.  Кадамжай райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери “унаанын терезесин караңгылатуу” беренесинин негизинде  протокол толтуруп, андан соң унааларды ээсине кайтарып берген”, — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин бир нече басылмалар Эркин Мамбеталиев Баткендеги күч органдарына эки жип белек кылгындагы тууралуу жазып чыгышкан.

Эркин Мамбеталиев  2004-жылы милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен камакка алынган. 

2005-жылы март ыңкылабынан кийин (Атамбаевдин кийлигишүүсү менен деп айтылып келет — ред.) акталып чыккан. 2006-жылы ошол кездеги ЖК депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө катыштыгы бар деп кайрадан камалган. Сот аны бир нече адамды өлтүрүүгө аралашкан деп  2008-жылы өмүр бою экркинен ажыраткан.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Мамбеталиев түрмөдөн чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>