ЖМК: «Вагнердин» машыгуу борборунан 6 адам качты, бири кыргыз жараны

ЖМК: «Вагнердин» машыгуу борборунан 6 адам качты, бири кыргыз жараны

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Украинанын аннексияланган Луганск облусундагы машыгуу лагеринен качып кеткен «Вагнердин жеке аскердик компаниясынын» алты жалданма жоокерине издөө жарыялады. Алар буга чейин Орусиянын абактарында жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышкан.

Donday басылмасы жазгандай, алар кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны болгон. Басылма соттолгондор машыгуу лагеринен 21-22-декабрда качканын жазып, алардын аты-жөнүн тактаган эмес. Качкандар куралчан экени кабарланды.

Украинада Орусиянын армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин «Вагнердин жеке аскердик компаниясы» абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Соттолгондорду азгыруу иштерин бул компаниянын негиздөөчүсү катары таанымал Евгений Пригожин өзү баш болуп жүргүзүп жатканы тартылган видеолор жарыяланган.

Олигарх Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган.

«Вагнердин жеке аскердик компаниясы» – бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып турат. Вагнерчилер бир катар аскердик кылмыштарга шектелип жүрүшөт.

Кыргызстан Украинадагы согушта нейтралдуу позицияда экенин кайталап келет. Ал согушка катышкан жарандарга мыйзамда катаал жазалар каралганын бир нече жолу эскерткен.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: дүйнө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>