«Эки жыл чогулткан акчам болчу». Бишкектеги мечитте жарандын 340 миң сому уурдалды (видео)

«Эки жыл чогулткан акчам болчу». Бишкектеги мечитте жарандын 340 миң сому уурдалды (видео)

Бир ай мурун Бишкекте шаар тургуну мечиттердин биринен 340 миң сомун уурдатып, акчаны уурдаган адам кармала элек. Бул тууралуу жабырлануучу билдирди.

Анын айтымында, окуя 30-сентябрда болжол менен саат 19:00до Аламүдүн базарындагы мечитте шам намазы учурунда болгон. Ал мечиттин кире беришиндеги текчеге акча салынган сумкасын коюп, өзү төр жакка намаз окуганы өтүп кеткен. Ал жаамат менен бирге намаз окуп жатканда кылмышкер акча салынганы сумканы уурдап кеткен.

«Сумканы кире бериштеги текчеге коюп, төр жакка өтүп кеткем. Намаз окуп келип эле таппай калдым. Ичинде паспорт, банктык карталарым жана 340 миң сом акча бар болчу. Эки жыл чогулткан акчам болчу. Унаа сатып алганы баратып, намаз маалы болуп калгандыктан мечитке киргем», — дейт ал.

Акчасын уурдаткан жаран ошол эле күнү милицияга кайрылган. Окуя болгон жерге Свердлов райондук милициянын кызматкерлери барып, видеокөзөмөлгө тартылган материалдарды алып кетишкен. Ал милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныктаганы менен бир айдан ашык убакыттан бери кылмышкер табылбай жатканын билдирди.

Шектүү тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0701 99 99 14, 0755 44 44 77, 0312 43 32 75 же 102.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>