«Эртеден бери жарык жок». Ак-Ордонун тургундары светтин өчүрүлүшүнө нааразы

«Эртеден бери жарык жок». Ак-Ордонун тургундары светтин өчүрүлүшүнө нааразы

Чүйдүн Сокулук районунун Ак-Ордо конушунун айрым жерлеринде эртеден бери жарык жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аталган конуштун тургундары билдирди.

Алардын айтымында, эртең менен саат 08:00до турганда жарык жок болуп, ошондон бери күйгөн эмес.

«Биз Асман көчөсүндө турабыз. Түштө жок дегенде 2 саат жарык берсе, балдарыбызга тамак жасап алат элек. Эртеден бери жарыксыз отурабыз», — дейт алар.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт быйыл күз-кыш мезгилинде жарыкты маал-маалы менен график боюнча өчүрүлүүлөр болбой турганын жарыя кылган. Ошол эле учурда электр энергиясы өтө көп колдонулган жерлерде авариялык абал жаралбашы үчүн «жөнгө салуу чарасы» катары жарык өчүрүлөрүн билдирген. Бирок кыш келе элек жатып Бишкектеги, борбор калаанын четинде айрым конуштарда жарык бир нече саатка, ал турсун 10 саат же андан ашык убакытка өчүрүлгөн учурлар болууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>