Экологиялык акция таза шайлоого чакырык

Экологиялык акция таза шайлоого чакырык

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан “Бир Бол” партиясы масштабдуу үгүт иштерин расмий жыйынтыктады. Саамалык экологиялык акция ирээтинде уюштурулуп “Таза шайлоо” урааны менен өттү. Ишембилик Бишкектин кире беришиндеги “Аска Таш” эстелигинен башталып, Чоң Чүй каналынын жээгинде уланды. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында өттү.
Иш-чаранын максаты — өлкөнүн саясий күчтөрүн ыпылас ыкмаларды колдонбостон таза шайлоо өткөрүүгө жана жарандарды акчага азгырылбай, татыктууларга добуш берүүгө чакырык таштоо болуп саналат.
“Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан!” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан арылтканбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” ишембилиги менен жыйынтыктап жатабыз. Биздин максат — айлана-чөйрөдөн баштап мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Биз бийликтен таза жана мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз”, — деди “Бир Бол” партиясынын лидери А. Сулайманов.
-Алмамбет Шыкмаматов: “Кан алмашып, жаңы муун, күчтүү лидерлердин командасынын, заманбап деңгээлдеги саясатчылардын келишин мен тазалануу деп түшүнөм. Эл акчаны эмес тазаларды жана мыктыларды тандайт деп ишенем”.
-Жоомарт Жолдошев: “Көчөлөрдү тазалоо менен биз символикалык түрдө жалпы системаны, мамлекеттик башкарууну, саясий чөйрөдөгү адамдары тазалоого убакыт келди дегибиз келет”.
— Жодар Сайдилканов: “Тазалануу бийликтин бардык катмарына жетиши керек. Ошондо гана тоскоолдуктар жоюлуп, өлкөнүн өнүгүү импульсу жаралат”.
-Айжан Чыныбаева: “Алдыда жакшы долбоорлорубуз бар. “Таза шайлоо- таза жашоо” деген ураан менен үгүт иштерин жыйынтыктадык”.
— Эсен Момункулов: “Бүгүн таштандыларды кандай тазалап, жыйнасак, Жогорку Кеңешке барганда да таза иштеп берүүгө, эл үчүн иштеген Мыйзамдарды демилгелөөгө даярбыз!”.
-Нурсултан Кубанов: “Саясий элитанын өзгөргөнү дүйнө жүзүндө нормалдуу көрүнүш. Коомчулук жаштарга суусап турганда биз барып, элдин ишенимин акташыбыз керек”.
Чоң Чүй каналын чогултулган таштандылар иргелип, жарамдуусу кайра иштетүүгө, калдыктар таштанды полигонуна төгүлдү.

[su_image_carousel source=»media: 42358,42359,42360,42361,42362,42363,42364,42365,42366,42367,42370″ crop=»none» autoplay=»4″]

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>