Экономика министринин 4 орун басары кызматтан бошотулду

Экономика министринин 4 орун басары кызматтан бошотулду

Экономика жана коммерция министринин 4 орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, экономика министринин орун басарлары Канатбек Абдрахманов, Кубанычбек (Санариптик өнүктүрүү боюнча министирдин орун басары), Чыңгыз Макешов жана Назарбек кызматтарынан бошотулду.

Эскерте кетсек, буга чейин Туризм департаментинин директору Самат Шатмановдун министрдин орун басары рангы алынып салынган. Ал учурда департаменттин директору гана болуп иштейт.

Ошондо мурда экономика министринде 8 орун басар болсо, учурда үчөө калды: Чоро Сейитов (министрдин биринчи орун басары), Айнура Үсөнбекова жана Искендер Асылкулов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: өкмөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>