Кыргыз-түрк фондунун кеңсесин Стамбулда эмес Бишкекте ачуу талабы айтылды

Кыргыз-түрк фондунун кеңсесин Стамбулда эмес Бишкекте ачуу талабы айтылды

Кыргыз-түрк инвестициялык фондунун башкы кеңсеси Стамбул шаарында ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция комитетинин жыйынында экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте фонддун өкүлчүлүгү гана жайгашышы мүмкүн.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-турк инвестициялык уюмун түзүү демилгесин алгач Кыргызстан көтөрүп чыкканын эскертип өттү.

“Силер Кыргызстандын таламын талашпай эле дароо макул болуп койдуңар. Башкы кеңсе Бишкекте жайгашса бизге бир топ кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Ошол эле имарат, эмгек акы, автоунаа жана башка кызматтарды колдонуп, акы төлөшмөк “, — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, инвестициялык фонддун капиталы 500 миллион долларды түзөт. Андагы Кыргызстандын үлүшү 70 миллион доллар болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>