Экөөндө тең күнөө бар, — Президент Бейшеналиев менен Зулушев тууралуу

Экөөндө тең күнөө бар, — Президент Бейшеналиев менен Зулушев тууралуу

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде жакында эле камактан чыккан саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу бошотулган Алымкадыр Бейшеналиев менен кайра кызматына киришкен башкы прокурор Курманкул Зулушев тууралуу пикирин билдирди.

— Саламаттыкты сактоо министри үй камагына чыкты, ошол эле учурда Башкы прокурор кызматын кайра уланта баштады. Коомчулук болсо бул жерде «соодалашуу жүргөн окшойт» деген күмөн ойлорду билдирүүдө. Анткени алгач бул иште комиссия түзүп, башкы прокурор Курманкул Зулушевди Алымкадыр Бейшеналиев экөөнүн жеке мамилеси бар деген мааниде кызматтан убактылуу четтеттиңиз эле. Иш болсо тергелип бүтө элек да?

— Соодалашуу жүргүдөй мен кимиси менен соодалашам? Эмне деп соодалашам жана эмне үчүн соодалашам? Бир гана максат менен экөөнү тең кызматтан четтеттим. Өзүм үчүн так билип алайын деп, адилеттүүлүк үчүн комиссия түзүп, иликтөө иштерин жүргүздүрдүм. Илгери бала кезибизде бир туугандар бири-бирибиз менен уруша кетсек, атабыз экөөбүздү тең сабап, тынчытып коёр эле. Энем байкуш мага болушуп, «ай Садырда күнөө жок болчу, күнөө тигиде, биринчи ошол баштады» десе атам: “Керкисинде да бар, кемтигинде да бар” деп коёр эле. Анын сыңарындай экөөндө тең күнөө бар. Өтө эле жогорку денгээлде күнөөгө тартып жиберчү кылмыш эмес болуп чыкты. Бирок экөө тең – эл үчүн, мамлекет үчүн деп күйгөн саясатчылар. Ошон үчүн баш прокурор кайра кызматына кайтты. Ал эми саламаттыкты сактоо министринин иши тергөө иштеринин жыйынтыгына жараша болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>