Тынч олтуруп турсун! Жапаров Атамбаевге эскертүү берди

Тынч олтуруп турсун! Жапаров Атамбаевге эскертүү берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча оюн билдирди.

— Жакында эле мурунку президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге түрмөдөн интервью берди. Айтымында, анын жаткан жеринде баардык шарттар түзүлгөн экен: жакындары, тарапташтары ээн-эркин кирип-чыга алышат экен, жаткан жеринде ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр. Ушуга карата сиздин оюңуз кандай? Мыйзамга туура келеби? Негизи, сиз жаткан убакта сизге ушундай шарттар түзүлдү беле?

— Туура. Мен бийликке келерим менен Алмазбек Шаршеновичке баардык шарттарды түздүрүп бергем. Мага чейин УКМКнын көчүк айланбаган тар камерасында жаткан. Мен 47-колонияга котортуп, ээн-эркин басып турсун дегем. Бүгүнкү күнгө чейин каалагандай жашап келе жатат. Үй-бүлөсү, тааныш-билиштери, керек болсо, журналисттер кенен-кесири кирип-чыгып жүрүшөт. Муну менен мен “таш менен урганды аш менен ур” деген бабалардын насаатын аткардым. Мен камакта жатканда, мунун бири жок болчу. Колониянын башчылары «сиз катуу көзөмөлдө турасыз» деп так секирип качышар эле.

Жакындарым менен бир айда эки жолу гана жолукчумун. Мыйзам чегинде. Жаткан жеримди күн сайын тинтүү жүргүздүрүп турчу. Телефонумду күндүз катып, түнкүсүн колдончумун.

Менин табиятымда өч алуу же кек сактоо деген сапатым жок. Кудайга койдум деп ичимден эле айтып коюп, баарын ошол замат унутуп коём. Болбосо өч алып, ата-энем менен баламдын кунун куусам болот эле. Менин жакындарымды жоготконума Атамбаев күнөөлүү деп айтпайм. Бирок себепчи болгон ушул киши да. 13 бир тууганды небере-чөбөрөлөрү менен бирдей камап, карыган атамдын өзүн таштап коюшуна себепчи болду. Атам өлгөндө, топурак салып келүүгө жибербей койду. Кийин энем кетти. Дагы жакшы, ал убакта Сооронбай Жээнбеков топурак салып, акыркы сапарга узатып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Андан кийин балам кетти. Албетте, мунун баары Кудайдан. Биз “пенделер мындай болсо, андай болбой калат эле же тигиндей болсо, мындай болбой калат эле” деп кейий беребиз. Баары Кудайдын буйругу менен болорун сезбейбиз. Себепчилерди күнөөлөй беребиз. Мен, чындыгында, себепчини дагы күнөөлөбөйм. Баары Кудайдан болорун билем. Бир мисал айтайын. Кудай таалам эмне үчүн тубаса мунжу же сокур-дүлөйлөрдү жаратат? Баарын эле бирдей жаратса эмне болмок деп ойлойсуң. Хадистерде айтып атат: “дени сак адамдарга үлгү болсун деп жараттым” дейт. Буларды көрүп, “Оо Кудай, менин алты санымды аман кылып жаратканыңа шүгүр” десин деп. Пенделер көпчүлүк учурда аны сезбейбиз. Тубаса майыптарды экинчи сорт адамдар сыяктуу карайбыз. Андай кылбашыбыз керек, ошондуктан мен бийликке келгенде, биринчи эле жетимдерге, майыптарга көңүл бурдум. Тамагын жакшыртып бердим. Жөлөк пулдарын көбөйтүп бердим. Дагы да көбөйтөм.

Ошондуктан Атамбаев тобоо деш керек. Баардык сот процесстери бүтсүн, анан чечим кабыл алабыз. Ал да Кудайдын бир макулугу, пендеси. Жаманбы-жакшыбы алты жыл эл башкарды. Өзү айткандай, бир жерин кысып тынч олтуруп турсун. Айтып койгула. Дагы адашып кетип үстөккө-босток кылмыш иштерин башына үйүп албасын.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>