Мурдагы министр Кутманованын камактагы мөөнөтү узартылды

Мурдагы министр Кутманованын камактагы мөөнөтү узартылды

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасы 7-августта каралып, сот УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча Кутманованы 9-октябрга чейин камакта калтырган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, буга чейин «Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы» коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече адам, анын ичинде Динара Кутманованын сиңдиси кармалганы, уулу издөөгө алынганы кабарланган.

Кийинчерээк Кутманова уулу Түркияда уурдалганын, уурдаган адамдар акча сурап жатканын, бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирген. Бирок ИИМ Кутманованын сөздөрүн төгүндөгөн. Ошондой эле, ал Түркиядан жакынкы мезгилде депортацияланып келерин билдирген.

25-июлда УКМК мурдагы министр Динара Кутманова кармалганын билдирген. Ал 9-августка чейин камакка алынган.

УКМК экс-министр Динара Кутманованын жакындарын кармады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>