Экс-президенттер артыкчылыктан ажырайт. Комитет долбоорду колдоду

Экс-президенттер артыкчылыктан ажырайт. Комитет долбоорду колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети 6-декабрдагы жыйынында «Президенттин ишмердиги жана экс-президенттердин макамы тууралуу мыйзамга» өзгөртүү киргизүү сунушу каралып, колдоо тапты.

Ага  ылайык,  жаңы президент ишине киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядагы кыймылсыз мүлктөрдү  колдонууну токтотот. Андан тышкары резиденцияда жашаган президенттен башка бардык мамлекеттик кызматкерлерди коммуналдык акыны өз эсебинен төлөөгө милдеттендирет.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Жеңишбек Токторбаев билдиргендей, долбоор боюнча  экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет деген ченемди алып салуу сунушталууда. Токторбаев мыйзам кабыл алына турган болсо, андагы талаптар мындан кийинки президенттерге иштей турганын билдирди.

Депутат Дастан Бекешев 2019-жылы Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратканын эске салды. Мындай чечим ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун депутаттарга басымы менен кабыл алынганын белгилеп, жаңы сунушталган мыйзамды артка иштей турган кылууну сунуш кылды.

«Бул дагы башка президенттерге сабак болот. Эгерде мыйзамды артка иштей турган кылбасак, кандай мааниси бар? Жашоо бумеранг. Депутаттарга президенттин аппараты тарабынан түрдүү басымдар жасалган», — деди Бекешев.

Комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Экс-президент жан сакчыны өзү каржылап, резиденциядан чыксын. Депутаттын сунушу

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>