Эксперттер ИИМ курсанттарын экстремизмдин белгилерин таанууга үйрөтүштү

Кыргызстандын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери ИИМдин Республикалык окуу борборунун курсанттары үчүн экстремизмдин жана терроризмдин заманбап коркунучтарына арналган лекция өтүштү, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.
Курсанттардын алдында Соттук-эксперттик кызматтын Лингвистикалык жана дин таануу экспертизалары башкармалыгынын адистери К. Садыбакас уулу жана К. Достонбай кызы сөз сүйлөштү.

Сабактын жүрүшүндө ички иштер органдарынын болочок кызматкерлерине экстремисттик жана террордук идеологияны жайылтууга байланышкан заманбап чакырыктар тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле курсанттарга экстремизм жана терроризм түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырмачылыктар түшүндүрүлүп, экстремисттик багыттагы материалдардын мүнөздүү белгилери менен тааныштырылды.

Лингвистикалык жана дин таануу экспертизалары башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Практикалык мисалдардын негизинде угармандарга экстремисттик идеологиянын белгилерин камтыган материалдарды аныктоодо жана изилдөөдө, ошондой эле кылмыш иштерин тергөөдө объективдүү далилдөө базасын түзүүдө соттук экспертизанын ролу түшүндүрүлдү.
Адистер экстремизмге жана терроризмге натыйжалуу каршы күрөшүү — кесиптик даярдыктын жогорку деңгээли, укуктук маданият жана интернетте таратылып жаткан маалыматка жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуз мүмкүн эместигин баса белгилешти.