«Кимчи»: Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөтКыргызстанда суулуу-саздуу жерлерди коргоонун жана пайдалануунун жаңы эрежелери иштелип чыктыОшто медициналык борбордун курулушунан мыйзам бузуулар аныкталды«Тазалык» ишканасына чыккан газдар үчүн 92 миң сом айып салындыКыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү маселелерин талкууладыМээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучу алтын медаль утту
22.07.2024 | 09:47
Математика боюнча Британияда өткөн олимпиадада кыргызстандык мектеп окуучулар төрт медаль алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ага 108 мамлекеттен 609 адам катышып, Кыргызстан командалык эсепте 29-орунга чыкты. Олимпиада жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинин алдыңкы үчөө АКШ, Кытай, Түштүк Корея болсо, Финляндия 36, Казахстан 43, Малайзия 44, Эстония 47, Швейцария 50, Индия 51, Өзбекстан 61, Сауд Арабиясы 63-орунду ээледи.
61-мектептин окуучусу Назар Кыргызбаев алтын медаль алды. “Газпром” мектебинен Ян Бобрус, “Сапаттын” окуучулары Искен Кенжебаев жана Элдар Искендеров күмүш медаль утушту. Дагы 2 окуучусу ардак грамота менен сыйланды.
Улуттук курама команданын тренери – Мамат Ишматов.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим