«Эл артисти» наамы 15 адамга ыйгарылды. Фамилиялары

«Эл артисти» наамы 15 адамга ыйгарылды. Фамилиялары

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир нече жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

“Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы ыйгарылды:

— Айтыкеев Асанкоджо Ароновичке — “Кыргызтелефильм” чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын жогорку категориядагы кинорежиссеру;

— Апыев Талантбек Мамытовичке — С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси;

— Артыков Кадыралы Джусуповичке — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын башчысы;

— Бейшекеев Сыймыкбек Токтогуловичке — эстрада ырчысы, “Сыймык” чыгармачылык-оюн-зоок борборунун артисти;

— Жумалиев Бакыт Арстанбековичке — Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын режиссеру, артисти;

— Иманалиев Зайнидин Сабитовичке — М. Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин комуз классы боюнча мугалими, Кочкор району, Нарын облусу;

— Исмаилов Сапарга — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын жетекчиси;

— Кочорбаева Жипариса Абдыкадыровнага — Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

— Мамбетов Мурат Аваловичке — актер, режиссер, “Кыргызстан театр ишмерлери союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;

— Нарбаева Алтынай Абдуллаевнага — Чүй облусунун Ысык-Ата районунун маданият бɵлүмүнүн Б. Эдигеев атындагы “Ысык-Ата-Арашан” элдик-фольклордук ансамблинин солисти;

— Одуракаев Бусурман Кожокуловичке — Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

— Рыскулов Асанбекке — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;

— Сейдракманов Назаркул Эшенкуловичке — Кыргыз улуттук “Манас” театрынын артисти, манасчы;

-Торабеков Чирмаш Топчибаевичке — Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти-вокалисти;

— Уралиев Намазбек Келгенбаевичке — К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз классы боюнча улук окутуучусу.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>