Бишкекте мектеп директорлору тандалды. Жыйырма орун бош калды

Бишкекте мектеп директорлору тандалды. Жыйырма орун бош калды

Бишкекте 30-августта мектеп директору кызматына тестирлөө болуп, 42 киши сынактан өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте мектеп директору кызматына 62 орун бош болгон. Ал орундарга 129 киши ат салышкан.

«Сынактан 42 адам өттү. Калган орундар ваканттык болуп эсептелет. Ал орундарга кайра сынак өткөрүлөт. Сынак 20-сентябрдан 30-сентябрга чейин аймактарда өтөт. Биз конкурсту ноябрь айына чейин үч айлампа менен өткөрүп калышыбыз мүмкүн», — деди ал.

Ал белгилегендей, сынактар эки этапта өтүүдө.

«Биринчи документтерин тапшыруу болот. Эгерде документтери биздин жобого ылайык келсе, автоматтык түрдө экинчи этапка өткөрүлөт. Экинчи этапта компьютердик тестирлөө болот», — деп, ал тестирлөөнүн жыйынтыгы ким директор болорун көрсөтөрүн белгилеп өттү.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>