Ат чабыштан айтышка чейин: Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын конокторун эмнелер күтөт, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары айтып бердиБишкекте 2-сентябрда жарык каяктарда өчүрүлөт — көчөлөрдүн тизмесиЫсык-Көл «Улуу тоолор баяны» аттуу живопись жана скульптура көргөзмөсү ачылдыКыргызстан Кытайдын төлөм системасына кошулууда: эксперттин пикириЭмгек министрлигинин 100гө жакын кызматкери мүмкүнчүлүгү чектелген көрүүчүлөргө жардам беришетМасуд Пезешкиан — АКШнын соккулары, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана ШКУ үчүн коркунучтар тууралуу
Элчилик: Москвада бычакталып каза болгон жигит Лейлек районунун тургуну болгон
12.11.2019 | 17:29
Москванын так ортосундагы ооруканадан бычакталып каза болгон кыргызстандык жигиттин сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси чечилүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Элчиликтин маалыматына караганда 24 жаштагы маркум Лейлек районуна караштуу Исфана айылында туулган.
Буга чейин кыргызстандык жигиттин бычакталып өлтүрүлгөндүгүн “Москва” жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарына таянфп жазып чыккан.
Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда, маркумга кара курткачан жана кара баш кийим кийген азият түспөлүндөгү эки адам бычак сайган. Полиция бул факты боюнча текшерүү баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар