Эмгек министрлигинин 100гө жакын кызматкери мүмкүнчүлүгү чектелген көрүүчүлөргө жардам беришет

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген конокторду коштоп жүрүү үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын адиси тартылды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин нөөмөттөгү кызматкерлер көрүүчүлөргө аянтчаларда багыт алууга, кеңеш берүүгө жана кыймыл-аракеттерине көмөктөшүшөт.
Майыптар коляскасындагы адамдар үчүн «Газпром» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында атайын коштоочу транспорт бөлүндү, ал конокторду таймаштар өтүп жаткан жайларга түздөн-түз жеткирет. Ошондой эле бардык аянтчаларга түшүнүктүү навигациялык белгилер орнотулду.
Министрликтин кызматкерлерин атайын брендирленген желеттери аркылуу оңой эле таанууга болот. Ведомстводон белгилешкендей, нөөмөттүн негизги максаты — Оюндарга келген ар бир көрүүчү үчүн инклюзивдүү, коопсуз жана тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү.