«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Ошто муниципалдык күрөш залы курула баштады
27.12.2023 | 09:50
Ош шаарында муниципалдык күрөш залы курула баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Сай-Бою көчөсүндө салына баштаган муниципалдык күрөш залынын курулушу менен мэр Бакытбек Жетигенов таанышкан.
“Шаар башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген убактысында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Аталган мекемеде спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жуунучу, кийим алмаштыруучу жайлар, машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр болот. Курулуштун жалпы аянты 588 чарчы метрди түзүп, улан, кыздардын машыгуусу үчүн ылайыкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом