Электрондук эмгек китепче пайда болуп, майрамдардын саны кыскарат

Электрондук эмгек китепче пайда болуп, майрамдардын саны кыскарат

Эмгек китепче эми электрондук түрдө болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынын Эмгек, миграция министрлигинин орун басары  Жыпариса Рысбекова билдирди.

Анын айтымында, эмгек китепчеси Мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддук базасы менен бириктирилет.

«Эмгек китепчеси бар болгону менен анын иш тажрыйбасы боюнча маалымат салык жана соцфонддун базасынан чыкпай калган. Эми бирдиктүү база кылабыз. Аны бардык иш берүүчүлөр колдонуш керек», — дейт Жыпариса Рысбеков.

Жогорку Кеңеште Эмгек кодексинин жаңы долбоору каралууда. Анда беренелердин саны 446дан 265ке кыскартылды. Аталган кодекске 35 жыл ичинде 20 жолу өзгөртүү киргизилген.

Жаңы долбоорго ылайык мындан ары эмгек укуктары, анын ичинде айлык төлөнбөй калган учурда 3 жыл ичинде гана сотко кайрылууга болот.

Андан сырткары, эми майрамдар дем алыш күнгө туш келсе, анын эсебинен эс алуу жумуш күнүнө жылбайт.

Эмгек кодексинде майрамдардын саны 23төн 21ге кыскарды. Мындан ары 7-8-ноябрь, 23-февраль жумуш күнү болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>