Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Ысык-Көлдө Аю-Төр капчыгайында сел 75 адамды камап калды
15.07.2026 | 12:30

14-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Каракол» жаратылыш паркынын Аю-Төр капчыгайында тоо этектеринен эки тилкеде таш-топурак аралашкан масса түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Натыйжада сел массасынын бир бөлүгү Каракол суусуна түшүп, анын кесепетинен суунун нугу өзгөрүп, ички чарбалык жолду суу жууп кеткен. Мындан улам жол каттамы үзгүлтүккө учураган.
ӨКМдин маалыматы боюнча, капчыгайдын жогору жагында 40ка жакын турист, 35 жергиликтүү тургун жана сегиз унаа калып калган. Бул аймакта эс алуу базасы жайгашкандыктан, адамдар ал жерде түнөп калышкан. Жабыркагандар жок.
Окуя болгон жерге Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жөнөтүлдү.
Бүгүн Ак-Суу районунун Жарандык коргонуу кызматтары жергиликтүү бийлик менен биргеликте жолду калыбына келтирүү үчүн атайын техникаларды тартууну пландаштырууда.
Теги: Каракол шаары, мчс