Электрондук кезектен чыккан мүчүлүштүк боюна министрлик түшүндүрдү

Электрондук кезектен чыккан мүчүлүштүк боюна министрлик түшүндүрдү

Билим берүү министрлиги мектептердеги электрондук каттоо системасындагы көйгөйлөрдү оңдоп жатат. Билим берүү министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка караганда,  бүгүн балдарды мектепке жапырт түрдө электрондук кабыл алуунун биринчи күнү. Былтыр бул долбоор пилоттук болуп, беш шаарда иштеген. Быйыл өлкө боюнча мектептерге электрондук кабыл алуу башталды. Ал эми биринчи күнү эле системаны колдонууну каалаган интернет колдонуучулардын саны абдан көп болду.

«Бүгүн биз бир күндө бардыгын физикалык жактан каттоого үлгүрбөйбүз. Электрондук каттоо 10-сентябрда аяктайт», — деди Билим берүү министрлигинин кызматкери.

Анын айтымында, көптөгөн колдонуучулар системада кыйынчылыктарга туш болушкан. Тактап айтканда, кээ бирлери көчөлөр системада көрүнбөйт. Буга кооптонууга негиз жок, анткени «Кадастр» мамлекеттик ишканасында бардык көчөлөр боюнча маалыматтар бар.

Мунун баарын чечсе болот, — дейт бөлүм башчы. Кантип экенин так айткан жок.

«Ооба, бүгүнкү күндө квота аныктала элек кээ бир мектептерде көйгөй чыкты. Квота боюнча да көйгөйлөрдү жок кылабыз. Бардык кемчиликтерди жоюп жатабыз», — деди Марата Үсөналиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>