Картошкага делип берилген 400 млн сом насыяны 4 эле адам бөлүп алганбы?

Картошкага делип берилген 400 млн сом насыяны 4 эле адам бөлүп алганбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Айыл-чарба министрлигине бөлүнгөн насыянын туура эмес бөлүштүрүлүп жатканына нааразылыгын билдирди.

Өкмөттүн агронасыялоо долбооруна бөлүнгөн 10 млрд сомдун кандай бөлүштүрүлүп жатканы боюнча бюджет комитетине сунушталып келиши керек болчу. Бизге жеткен маалымат боюнча, ушул бөлүнгөн каражаттын 5 млрд сомун Айыл-чарба министрлиги азык-түлүктөгү 9 класстердик азыктарды колдоо боюнча бөлүп алыптыр, бирок, бардык аймакка кабар бериши керек болчу. Ал эми булар эч кандай маалымат беришпептир, айыл өкмөттөр, алтургай акимдерге чейин бул акчаны билишпейт экен. Мына бизге так маалымат жетти, РСК банктын колуна алдын-ала эле бөлүштүрүп эле берип коюшуптур. Кооптонуп жатабыз, мисалы, картошкага 400 млн сом бөлүнсө 4 киши эле бөлүп алышыптыр”-деди эл өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>