Садыр Жапаров жана экс-президенттер кантип эс алышкан?

Садыр Жапаров жана экс-президенттер кантип эс алышкан?

Тынымсыз иш үстүндө жүрүү адамды психикалык да, физикалык жактан да чарчатат. Мындан улам  күч топтоп, жаңы дем менен ишке киришүү үчүн адамдар эс алууга муктаж. Эл катарында президенттер да эмгек өргүүгө чыгып турушат. Себеби президенттик иш бир адамга жүктөлгөн чоң жүк, милдет болсо дагы ал адамдан эс алууну талап кылат.

Кыргызстандын азыркы президенти менен мурдагы мамлекет башчылары эмгек өргүүлөрүн кандай өткөрүшкөнүн тизмектейбиз.

Садыр Жапаров

Садыр Жапаров эс алууга убакыт таап турат. Былтыр ал жайында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен Ысык-Көлдө скутер тээп эс алган. Эс алуу менен бирге ал көл жээгинди эс алуучулар менен сүрөткө түшкөн.

Өлкө башчы спортко кызыккандыктан, эс алууну спорт менен айкалыштырып турат. Маселен, ал эки ирет футбол боюнча мелдешке катышып, биринде анын командасы мелдешти жеңсе, Жапаров эки жолу мыкты чабуулчу болууга жетишкен. Ошондой эле, президент ушул жылдын 10-январында кыска мөөнөткө эмгек өргүү алган. Анда ал Каракол лыжа базасында болуп, лыжа тээп келген.

Жапаров жайкы жана кышкы эс алууларында кыргызстандыктарды, аны менен бирге чет элдиктерди Кыргызстанда эс алууга чакырып, өлкөдөгү туризмди жарналап турат.

Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин алгач 2018-жылы жайында эмгек өргүүгө чыгып, Ысык-Көлгө барган. Анда президенттин басма сөз кызматы маалымат катары Жээнбековдун көл жээгинде костюм-шым кийип, жалгыз жүргөн сүрөттөрүн жарыялаган. Мурунку президенттин ал сүрөттөрү коомчулук тарабынан сынга кабылган. Андан кийин 2019-жылы Жээнбеков эмгек өргүүгө чыкканда, президенттин басма сөз кызматы анын эс алып жүргөн сүрөттөрүн жарыялаган эмес.

Мурдагы президент эс алуусун кантип өткөрөт деген суроого так жооп болбосо да, ал жаш кезинде көк-бөрүгө, балык уулоого, волейбол ойноого, ат мингенге кызыкканы белгилүү.

Алмазбек Атамбаев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да иштен тышкары эс алууга чыгып турчу. Айрым маалымат булактары жазгандай, Атамбаев президент болуп турганды 17 ирет эмгек өргүүгө чыккан. Адатта ал чет жерге барып эс алганды жактырган. Чет өлкө дегенде, ал көп учурда Түркияга – 2012, 2015 жана 2016-жылдары эс алууга барган.

2017-жылы Атамбаев Кытайга жумушчу сапар менен барып, андан кийин ал жакта бир нече күнгө эс алууга калып калган. Ал эс алуусун Атамбаев үй-бүлөсү менен өткөргөн.

Андан кийин Атамбаев чет өлкөдөн мамлекет же өкмөт башчылары келгенде, аларды Ала-Арча мамлекеттик коругуна алып барып, меймандар менен бирге эс алып турчу.

Президенттиктен кеткенден кийин 2019-жылы январь айында үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмираттарында эс алып келген.

Роза Отунбаева

Роза Отунбаева президенттик милдетти кыска убакыт – 2010-жылдын июль айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин аркалаганы менен президент катары эмгек өргүүгө чыгууга жетишкен. Анда ал Жаңы жылды утурлай эс алууда болгон. Бирок анын бул эс алуусу коомчулук тарабынан сынга кабылып, “өлкөдө туруксуздук болуп турган учурда президент эмнеге эс алууга кетет” деген сындар айтылган.

Отунбаева күч топтоп, өзүнө келиш үчүн эс алууга чыкканын айтып, бирок коомчулуктан кечирим суроого аргасыз болгон.

Курманбек Бакиев

Качкын президент Курманбек Бакиев мамлекет башчысы болуп турган учурда расмий эмгек өргүүсүнө өтө көп чыккан эмес. 2018-жылдын март айында эмгек өргүүсүнө чыгып, дарылануу үчүн Германияга барып келген. Ошол эле жылдын август айында да эс алууга чыгып, Ысык-Көлдөгү резиденцияда эс алган.

2009-жылы ал эс алууга чыкканда президенттин басма сөз кызматы өлкө башчы Кыргызстанда үй-бүлөсү менен эс алганын гана айтып, бирок эс алууда эмне кылганын кабарлаган эмес. Бакиев маектеринин биринде аңчылыкты, ат мингенди, бильярд ойногонду жакшы көрөрүн билдирген.

Аскар Акаев

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев кантип эс алганды жакшы көрөрү тууралуу маалымат анчейин көп эмес. Ошентсе да ал 2002-жылы эмгек өргүүсүнө чыкканда, эс алуусун Россияда өткөргөн. Ал Россияда тааныштары, журналисттер менен жолугуп, Москанын четиндеги лыжа базаларынын биринде Владимир Путин менен лыжа тээп эс алган. Акаевдин лыжа тебүүгө кызыгары ЖМКларда айтылып келет.

Тунгуч президенттин жубайы Майрам Акаева маектеринин биринде жолдошу китеп чогултууга кызыгарын, саясатка аралашканга чейин бал бийлерине кыгызып жүргөнүн айтып берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>