Эмгекке жарамдуу калктын жарымы орто билимдүү

Эмгекке жарамдуу калктын жарымы орто билимдүү

Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын дээрлик 50%ы орто гана билимге ээ. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Жумуштуулук жана жумушсуздук. Үй чарбаларынын бюджетин жана жумушчу күчүн комплекстүү тандап текшерүү” аттуу изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөттү.

Изилдөөгө ылайык, “жумушчу күчү” категориясына кирген кыргызстандыктардын 49,7% орто (толук) жалпы билимге ээ. Эмгекке жарамдуу кыргызстандыктардын 21,8% жогорку кесиптик билимге, 1% толук эмес жогорку билимге, 11,7% орто кесиптик билимге, 7,9% башталгыч кесиптик билимге, 6,8% негизги жалпы билимге ээ. Кыргызстандын эмгекке жарамдуу жарандарынын 1,1%ынын башталгыч жалпы билими жок.

Ошол эле учурда, эмгек рыногунда жогорку билимдүү эркектердин үлүшү аялдардыкынан төмөн. Эмгекке жарамдуу эркектердин жалпы санынын 18,7%ы гана жогорку окуу жайын бүтүргөн. Ал эми аялдар арасында бул көрсөткүч 26,9 % жогору.  Орто кесиптик билимге ээ эркектер 8,3%, ал эми аялдар 17%ды түзөт.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдагы изилдөөдө Кыргызстанда 2 миллион 680,5 миң эмгекке жарамдуу адам бар экендиги белгиленген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>