Ысык-Көлдүн 500 метрлик аймагындагы жеке үйлөрдү пайдаланууга уруксат берилиши мүмкүн

08.09.2026 | 16:08
Ысык-Көлдүн 500 метрлик аймагындагы жеке үйлөрдү пайдаланууга уруксат берилиши мүмкүн — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинен 500 метрге жетпеген аралыкта мурда курулган жеке үйлөрдү пайдаланууга уруксат берүү сунушталууда. «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев демилгелеген.

Учурда мыйзам боюнча рекреация объектилеринен тышкары, көлдөн 500 метрге жетпеген аралыкта объекттерди курууга жана пайдаланууга тыюу салынат. Депутат буга чейин курулган жеке үйлөр үчүн өзгөчө шарт киргизүүнү сунуштоодо. Ал чектөө күчүнө киргенге чейин жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесине укук белгилөөчү документтерди алган жарандарга тиешелүү болот.

Демек, сөз 500 метрлик аймакта жаңы үйлөрдү курууга уруксат берүү жөнүндө эмес. Өзгөртүүлөр тыюу киргизилгенге чейин укуктары пайда болгон үйлөргө жана жер тилкелерине гана тиешелүү.

Негиздеме-маалымкатта чектөөлөр 2004-жылдын 24-августунан тартып күчүнө киргени айтылат. Ага чейин Балыкчы шаарында эле жеке турак жай куруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте берилген 1 миң 145 жер тилкесине жеке үйлөр курулган. Мыйзам долбоорунун авторунун маалыматы боюнча, бул жер тилкелерине жана андагы кыймылсыз мүлккө болгон укуктар мыйзамдуу негизде пайда болгон.

Депутат белгилегендей, учурда мындай үйлөрдүн укуктук макамына байланыштуу маселелер жаралууда. Ошондой эле алардын ээлери кыймылсыз мүлккө ээлик кылууда, пайдаланууда жана тескөөдө кыйынчылыктарга туш болууда. Өзгөртүүлөр ушул укуктук белгисиздикти жоюу жана жарандардын мурда пайда болгон укуктарын коргоо максатында сунушталууда.

Салыштырма таблицага ылайык, 19-беренедеги калган чектөөлөрдү өзгөртүү сунушталган эмес. Анын ичинде көлдөн 100 метрге жетпеген аралыкта капиталдык курулуш жүргүзүүгө тыюу салуу күчүндө калат.

Теги: Ысык-Көл
Scroll to Top