«Эмне кыйынсыңбы?». Милиционер бөлүмчө башчысынан таяк жегенин айтып чыкты (видео)

«Эмне кыйынсыңбы?». Милиционер бөлүмчө башчысынан таяк жегенин айтып чыкты (видео)

Ош облусунун Ноокат районунда милиция кызматкери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы аны ургандыгы тууралуу билдирди. Анын кайрылуусунун видеосу социалдык тармактарга чыкты.

Анын айтымында, окуя 1-март күнү болжол менен саат 08:30да райондук милициянын короосунда болгон. Ал жерде милиция кызматкерлери бөлүштүрүү үчүн чогулган.

«Ноокат райондук милициясында кошумча күч катары тергөө тобунда тургам. Ал жерде бөлүштүрүү жүрүп, жетекчиликтен тапшырмалар коюлуп жаткан. Өзүнчө, Жаңы-Базар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы М.А. аталган бөлүмдүн кызматкрлерине тапшырмаларды берип жатканда, мени жетекчиликтен орун басарлардын бири «бүгүн кезметке тура тургандар бул жакка келгиле, бөлүштүрүү болот» деп чакырып калды. Мен ал жерден чыгып, бара жатсам, М.А. «сен каякка барасың?» деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кемсинтип, абийириме шек келтире баштады. Мен эмнеге сөгүп жатасыз, эмне айып үчүн, мени бөлүштүрүү үчүн чакырып жатат десем, «сен мага сөз кайтара турган болуп калдыңбы» деп жакаман кармап, көкүрөгүмө эки жолу урду. Мени ургандан кийин өзүмдү жаман сезип калдым», — дейт ал.

Ал билдиргендей, ошол учурда М.А. аны колунан кармап, короонун сыртына алып чыккан.

«Короонун сыртында ГАИ (ЖКККБ) бар. Мени колуман тартып, ГАИнин ичине алып кирип, көкүрөк тушка эки жолу уруп салды. «Сен эмне кыйынсыңбы? Кетип кал дебедимби» деп ар кандай куугунтук сөздөрүн айтып, кызматтык абалынан пайдалынып, адамдык аброюма шек келтирип, менин денеме залал келтирди», – дейт ал.

Бул окуя боюнча Reporter.kg’ге облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-март күнү саат 22:50дө Ош облустук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаардык клиникасынын кабыл алуу бөлүмү тарабынан кабар келип түшкөн. Анда Ноокат райондук милициясынын 31 жаштагы  М.А. уулу аттуу кызматкери денесинен жараат алып кайрылгандыгын билдиришкен.

Аталган факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош облустук милициясынын ыкчам-тергөө тобу Ош шаардык клиникасына барган учурда М.А. уулу ооруканага кайрылып, үйүнө кетип калгандыгы аныкталган.

Текшерүүдө, М.А. уулу менен телефон аркылуу байланышканда, ал Ноокат райондук милициясынын айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги денесине жараат келтиргенин билдирген. Ошондой эле, ал  ыкчам-тергөө тобу менен жолугушууга каршы экендигин айткан», — деп билдиришти милициядан.

Милициядан белгилешкендей, учурда М. А. уулунун денесиндеги жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ош облустук милициясынын тергөө кызматы жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>