Уран кенин иштетүүгө укурсат берүү. Экология министри баяндама жасады

Уран кенин иштетүүгө укурсат берүү. Экология министри баяндама жасады

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өлкөдөгү уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун шаршемби күнү карап бере турган болду. Комитет үчүнчү күнгө чейин танапис жарыялады.

Аталган мыйзам долбоору боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев баяндама жасады. Ал билдиргендей, документте 2019-жылдагы уран менен торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды жокко чыгаруу каралган.

Тургунбаевдин айтымында, уран менен торийди казып алууга тыюу салуу менен аталган эки кен менен бир жерде жайгашкан башка кендерди чалгындоого, казууга бөгөт коюлган. Мындан улам башка кендерди казып алуу үчүн уран жана торий кендерин иштетүүгө салынган мораторийди алып салуу сунушталууда.

«Эми ошол торий менен уран башка пайдалуу кендерди өздөштүрүүгө, пайдаланууга тоскоол болбошу керек деп эсептейбиз. Бул тыюу аз өлчөмдө уран жана торийди камтыган башка пайдалуу кендерди казып алууга жол бербей, көптөгөн келечектүү кендерди минералдуу чийки зат базасынан чгарып салууга алып келип жатат. Уранга тыюу салган мыйзамдын азыркы редакциясынын мазмуну радиациялык коопсуздукту өтө начарлатып, экология, инвестициялык климат үчүн өтө жагымсыз тобокелдиктерди алып келүүдө», — деди ал.

Министр билдиргендей, Кыргызстандагы уран жана торийди казып алуу менен өлкөнүн аймагын радиациядан тазалоого өбөлгө түзүлөт жана анын аркасы менен экологиялык жана радиациялык фон жакшырат.

Ал уран кенин иштетүү айлана-чөйрөгө жана элге болушунча аз зыян келе тургундай жүргүзүлөрүн ишендирди.

Кворумдун жоктугунан комитет үчүнчү күнгө чейин танапис жарыялап, документти ошол күнү карап берүү тууралуу чечим кабыл алды.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлүп, анда ага коомчулук каршы чыккан. Аталган демилгеге каршы нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп, жыйынтыгында уран кени иштетилбей турган болгон. Аны утурлай эле парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого, казып алууга тыюу салган мыйзамды кабыл алган.

Ал эми быйыл Кыргызстанда мамлекет Кызыл-Омпол кенин иштете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарындын Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирген. Анда Жапаров Кызыл-Омполду мамлекет өзү иштети турганын, аны уран кени эмес, титаномагнетит кени деп атоо туура болорун, Кызыл-Омполдогу урандын коркунучу жок экенин айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>