Эмомали Рахмонго берилген наамды жокко чыгаруу сунушталды

Эмомали Рахмонго берилген наамды жокко чыгаруу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан Эмомали Рахмонго “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү чечимин жокко чыгарууну суранды.

Мындан тышкары, ал Кара-Дарыя көчөсүнө Мекенди коргоодо баатырларча курман болгон Эламан Ураимовдун ысымын ыйгарууну өтүндү.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти бул наамга 1999-жылы ыйгарылган, анда шаардын мэри Феликс Кулов болгон.  Сыйлык тапшыруу аземине ошол мезгилдеги президент Аскар Акаев катышкан.

Ал эми Аскар Акаев Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча билдирүү жасап, анда «президент Эмомали Рахмон жакшылыкты билбеген улут лидери болуп чыкты. Ал 30 жыл мурда Тажикстанда жарандык согуш жүрүп, мамлекеттүүлүгү үчүн эң кыйын учурда Кыргызстан жана кыргызстандыктар боордош тажик элине эң чоң жардам жана колдоо көрсөткөн – саясий, моралдык жана гуманитардык», — деген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>