Эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтинги: Кыргызстан канчанчы орунда?

Эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтинги: Кыргызстан канчанчы орунда?

Эң бактылуу өлкөлөрдүн 2022-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 64-орунду ээледи. Бул тууралуу World Happiness Report изилдөөлөрүндө айтылат.

Изилдөө БУУнун алдында Колумбия университетинде иштеген The Earth Institute изилдөө борбору тарабынан жүргүзүлүп келет. Биринчи жолу мындай изилдөө 2012-жылы жүргүзүлгөн.

Рейтингде жалпы 146 өлкө каралып, анда ИДПнын деңгээли, жашоонун узактыгы, жарандык эркиндик, коопсуздук жана келечекке ишеним сезими, үй-бүлөнүн туруктуулугу, жумуштун коопсуздугу, коррупциянын деңгээли жана кыйыр түрдө бакубатчылыктын көрсөткүчтөрү эске алынган.

Рейтингде биринчи орунду беш жыл катары менен Финляндия ээлеп келет. Ошондой эле эң бактылуу деп эсептелген алдыңы 10 өлкөнүн катарына Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланд, Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана Жаңы Зеландия кирген.

Ал эми бактылуу эмес өлкөлөрдүн катарына: Ооганстан (акыркы 146-орун), Ливан (145-орун), Зимбабве (144), Руанда (143), Ботсвана (142), Лесото (141), Сьерра-Леоне (140) кирген.

Кыргызстандын жакын коңшуларынын арасынан алдыңкы өлкөлөрдүн тизмесине 40-орунду ээлеп Казакстан кирген, Өзбекстан 53-орун, Тажикстан – 83, ал эми Түркмөнстан – 78-орунда жайгашкан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: Рейтинг

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>