Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Энергетика министрлиги 10 үй-бүлөгө күн станцияларын алып берет
07.04.2023 | 14:02
Энергетика министрлиги Чүй облусундагы аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө күн станцияларын сатып алып берүүнү пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка ылайык, беш күн станциясы Жайыл, дагы бешөө Чүй районундагы үй-бүлөлөргө берилет. Күн станцияларын сатып алууга 9,9 млн сом каралган. Акча Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнүп берилет.
Тендер боюнча арыздар 20-апрелге чейин кабыл алынат.
Электр станциялары 2023-жылдын жай айынын ортосунан кечиктирилбестен орнотулушу керек.
Белгилей кетсек, күн станциялары “Нур Кубат” пилоттук долбоорунун алкагында сатылып алынат. Долбоор ийгиликтүү ишке ашып калса, өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом