Энергетика министрлигинде 600дөй кызматкер кыскарат, — министр

Энергетика министрлигинде 600дөй кызматкер кыскарат, — министр

Энергетика тармагында иштеген кызматкерлердин саны кыскарат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында билдирди.

Жыйында “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Талкуу учурунда депутат Нуржигит Кадырбеков энергетика тармагында 16 миң кызматкер эмгектенерин, анын 4 миңи эле чиновниктер экенин белгилеп: “Ошолорду азайтса болобу?” – деген суроо узатты.

Ал эми Таалайбек Ибраев “4 миң дегендин баары директор же начальник эмес. Инженерлер дагы бар. Санариптештирүүгө жетишсек, 600дөй кызматкер кыскарат”,– деп жооп берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>