Энергетикадагы коррупция. Башкы прокуратура кармалгандардын аты-жөнүн жарыялады

Энергетикадагы коррупция. Башкы прокуратура кармалгандардын аты-жөнүн жарыялады

Электр энергиясына болгон карызды мыйзамсыз адалдаштыруу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолиддинов билдирди.

Анын айтымында, «Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлерине (2016-жылдан 2020-жылга чейин 134 млн 402 миң 234 сом зыян келтирген), «Жалалабадэлектро» (2016-2020-жылдары 12 млн 192 миң 598 сом зыян келтирген) кызматкерлерине карата коррупция беренеси боюнча төрт кылмыш иши козголгон. «Түндүк электр» (2016-2020-жылдар аралыгында 39 млн сом зыян келтирген) жана «Чыгыш электр» (2016-жылдан 2020-жылга чейин) 19 млн 32 миң 175 сом зыянга учураткан.

Натыйжада 17 адам кармалган:

— «Чыгыш электр» ААКнын Нарын филиалынын мурдагы жетекчиси А.Жумакадыров;

— «Чыгыш электр» ААКнын Нарын филиалынын жетекчисинин мурдагы орун басары А.Абылгазиев;

— Тянь-Шань РЭСинин начальниги Т.Баяманов;

— Тянь-Шань бөлүштүрүү зонасынын башчысынын орун басары У.Кубанычбеков;

— Тянь-Шань РЭСинин мурдагы директору Ы.Наркеев;

— Тянь-Шань РЭСинин жетекчисинин мурдагы орун басары А.Токсумаков.

— “Түндүк электр” ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Т.Жаныбаев;

— Жайыл РЭСинин башчысы Т.Бакиров;

— Бишкек бөлүштүрүүчү зонанын жетекчиси М.Сагындыков.

— «Ошэлектро» ишканасынын мурдагы директору Д.Даминов;

— Өзгөн РЭСинин мурдагы жетекчилери А.Жусуев жана М.Гуронов;

— «Ошенергосбыттын» мурдагы жетекчиси Д.Кадырбердиев;

— Өзгөн РЭСтин жетекчисинин мурдагы орун басары М.Камалов;

— Ноокат РЭСинин мурдагы жетекчиси И.Алимбеков;

— Ноокат РЭСтин жетекчисинин мурдагы орун басары А.Ташболотов;

— «Жалалабадэлектро» ишканасынын мурдагы директору К.Маматканов.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө «Чыгыш электрден» келтирилген зыян толугу менен толтурулуп, «Түндүк электр» ААК 39 млн сомдун 14 млн 504 миң 560 сомун, «Ошэлектр» 134 млн 402 миң 234 сомун төлөгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>