ЕӨАК жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

ЕӨАК жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду (тизме)
Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарында өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун соңунда бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалым болгондой, төмөндөгү документтер каралды:
1. 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана негизги багыттары жөнүндө;
2. Евразия экономикалык биримдиктин иштеши тууралуу Баяндаманын үстүндө иштөөнүн жүрүшү жөнүндө;
3. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан тармактарда биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу;
4. Евразия рейтингдик агенттикти түзүү жөнүндөшү маселени изилдөө жөнүндө;
5. Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалыматтык системасынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө;
6. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 5 буйругун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө (“вето” коюу механизми);
7. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы жана жеке курамы жөнүндө;
8. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарын ротациялоонун механизми жана принциптери жөнүндө;
9. Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттери тарабынан эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жана кол коюлушу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында түзүлгөн эл аралык келишимдердин долбоорлорун мамлекеттик ички макулдашуу жол-жоболору жөнүндө;
10. Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү өзөктүк энергетиканын жана энергетикалык эмес ядролук технологиялардын ролу жөнүндө;
11. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн стандарттарын кайра карап чыгуу жөнүндө;
12. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-июнундагы  № 11 буйругун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө; 13. Навигациялык пломбаларды колдонуунун тартиби жөнүндө;
14. Бодо малдын этинин айрым түрлөрүнө карата Бажы биримигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
15. Электр кыймылдаткычы бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата Бажы биримдигинин комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
16. Сериялык продукциянын келип чыгышы жөнүндө сертификаттын жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
17. Жогорку Евразия экономикалык кеңешиние 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 Чечиминин 4-пунктуна ылайык түзүлгөн тобокелдик профилдери колдонулган товарларды бажылык декларациялоо практикасына мониторинг жүргүзүү боюнча отчетту берүү жөнүндө;
18. Евразия экономикалык биримдигинин электр энергетикасынын жалпы рыногунда электр энергиясын өз ара соодалоонун эрежелерин бекитүү тууралуу;
19. Евразия экономикалык биримдигинин электр энергиясынын жалпы рыногунда мамлекеттер аралык участоктордун кубаттуулугун аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелерин бекитүү тууралуу;
20. 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүүнүн жүрүшү тууралуу отчет жөнүндө;
21. 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүүнүн жүрүшү тууралуу отчет жөнүндө;
22. Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун макулдашылган системасы тууралуу макулдашуунун долбооруна кол коюу жөнүндө;
23. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мекемелеринин (уюмдарынын) тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, анын негизинде мүчө мамлекеттерде асыл тукум мал чарбасы жаатындагы селекциялык-асыл тукум иштерин аналитикалык камсыз кылуу жүзөгө ашырылат;
24. “Евразия экономикалык биримдиктин бюджети жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Евразия экономикалык кеңештин чечиминин долбоору жөнүндө;
25. 2024-жылы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын программасын бекитүү тууралуу;
26. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>