ЦУМда бомба бар деп билдирген 19 жаштагы жигит кармалды

ЦУМда бомба бар деп билдирген 19 жаштагы жигит кармалды

Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» соода борборунун имаратында жардыруучу зат бар деп жалган билдирүү жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-октябрда саат 11:59да социалдык тармактардагы баракчалардын бирине соода борборунун кызматкерлерине кайрылуу менен «Айчүрөк» соода борборунда жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн.  илдирүү ошол эле соода борборунун кызматкерлерине келген.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Текшерүүнүн алдында бардык жарандар имараттын бардык бөлмөлөрүнөн өз убагында эвакуацияланган. Белгилей кетчү нерсе, жардыруучу зат коркунучу тууралуу ар бир чакыруу, коркунуч чынбы же жалганбы, реалдуу коркунуч катары кабыл алынат.

Ар бир жардыруучу зат тууралуу чалуулар же бидирүүлөр , жалган же тастыкталганына карабастан, ал коркунуч катары каралат.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган Кыргызстандын жана Россиянын жарандыгын алган, борбордо жашаган Г.А. аттуу жаран кармалган.

Маалым болгондой, ал соода борборлорунун биринде, коомдук тамактануучу ишканада иштейт.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жаран социалдык тармактарда фейк аккаунт ачып, ал жерден жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн.

Учурда бул адамдын мурда жасалган ушул сыяктуу террордук мүнөздөгү кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>