«Эрдик» медалынын ээси Абдила Эрдолатов ардактуу эс алууга чыкты

«Эрдик» медалынын ээси Абдила Эрдолатов ардактуу эс алууга чыкты

Бүгүн, 5-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн башчысы Абдила Эрдолатовго милициянын полковниги наамы ыйгарылып, ардактуу эс алууга узатылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал алгач участкалык инспектор болуп жумушун баштап, паспорт столдо, ыкчам кызматтарда, уруксат берүү тармагында иштеп, жалпы 32 жылдан ашуун убакыт ички иштер органдарында иштеген.

Абдила Эрдолатовго бүгүн өздүк курамдын катышуусунда калпак, чепкен кийгизилип, баалуу белектер тапшырылды. Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков анын ички иштер органдарында топтогон зор тажрыйбасы бар экендигин белгилеп, жаш кызматкерлерге үлгү болуп, акыл-насаатын айтып, сый-урматтын үстүндө жүрүүсүнө тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде Абдила Эрдолатов Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине жана жалпы кесиптештерине ыраазычылык билдирип, ар дайым тынчтык заманда, жакшылык күндөрдө жолугушуу ниетин билдирди.

Белгилей кетсек, Абдила Эрдолатов 2010-жылы июнь окуясында кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн президенттин жарлыгынын негизинде «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>