Эрдоган өлкөдөн 10 мамлекеттин элчилерин чыгаруу оюнан кайтты

Эрдоган өлкөдөн 10 мамлекеттин элчилерин чыгаруу оюнан кайтты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөн 10 батыш мамлекетинин элчилерин чыгаруу ниетинен баш тартты.

Түрк лидери Анкарада жасаган билдирүүсүндө элчилер «айтканынан кайтышканын» жана «мындан ары сөз сүйлөөдө этият болушарын» айтты.

Буга чейин Канаданын, Франциянын, Финляндиянын, Даниянын, Германиянын, Нидерланддын, Жаңы Зеландиянын, Норвегиянын, Швециянын жана АКШнын элчиликтери Дипломатиялык мамилелер тууралуу Вена конвенциясына ылайык, Түркиянын ички иштерине кийлигишүү ниеттери жок экенин билдиришкен.

23-октябрда Эрдоган түрк Тышкы иштер министрлигине он батыш мамлекетинин элчилерин өлкөдөн чыгаруу тапшырмасын берген. Анда буга элчилер мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга шектелген филантроп Осман Каваланы бошотууга чакырык таштаганы себеп болгону айтылган.

Түркия — НАТОнун мүчөсү жана Европа биримдигине кирүүгө талапкер. Бирок Эрдоган аталган мамлекеттердин элчилери Анкарада туруп алып акыл үйрөткөнгө укугу жок экенин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>