Эркек менен аялдын мамилесинде чыр-чатак эмнеден келип чыгат?

Эркек менен аялдын мамилесинде чыр-чатак эмнеден келип чыгат?

Александр Шахов аттуу психолог эркектер менен аялдардын мамилесинде чыр-чатактар эмнеден келип чыгаарын чечмеледи.  Ал Орусиянын 5-каналына берген маегинде чыр-чатактар өз ара түшүнбөстүктөрдөн улам пайда болорун айткан.

Шахов аялдардын эркектерди калп айтып, алдайт деп күнөөлөгөндүгүн белгилеп, бирок ушул эле учурда аялдар эркектерди  өздөрү каалаган “чындыкты” угуу үчүн калп айтууга мажбурлай турганын билдирген.  

“Аял күйөөсүнөн “Мен семирип кеттимби?” деп сурап туруп, бирок чындыкты уккулары келбейт. Эркек аялы шымына араң батып жатканын көрүп “Семирип кеттиң деп айтсам таарынат” деп аялы уккусу келген калпты айтат”, — деп мисал келтирген психолог.

Мындан улам аялдар эркектерди жакшы түшүнүүсү үчүн алар эмне айтканына эмес, алардын күнүмдүк жашоосуна, баскан турганына, кызыгууларына көңүл бурууга кеңеш берген Шахов. 

Тэги: психолог

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>