Акматалиев дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт

Акматалиев дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

Бүгүн, 17-сентябрда Акматалиев көңүл жубатуучу беттеште польшалык Патрик Оленчин менен күрөшүп, аны 7:3 эсебинде жеңип алды. Муну менен ал коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

Эми ал үчүнчү орун үчүн болгариялык Рамазан Рамазанов менен күч сынашат. Беттеш бүгүн, 17-сентябрда саат 22:00до өтөт. Беттешти УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, Акматалиев Сербияда 16-сентябрда башталган дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө килем үстүнө чыккан. Алгачкы беттешин ийгиликтүү баштап, 1/8 финалда швейцариялык Марк Дитшени 12:6 эсебинде жеңген.

Бирок чейрек финалда Акматалиев ирандык Амирмохаммад Бабак Язданичератиден жеңилүү ызасын тарткан. Ошол эле учурда ирандык балбан финалга чыккандыктан, Акматалиев коло байге үчүн ат салышууга мүмкүндүк берген көңүл жубатуучу беттеште күрөшө турган болгон. Белгилүү болгондой, көңүл жубатуучу беттеште жеңишке жеткен балбан коло байге үчүн күрөшөт.

Белгилей кетсек, бул дүйнө чемпионатында 61 кг салмактагы кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу да коло байге үчүн күрөшөт. Анын беттеши да бүгүн өтөт.

Дүйнө чемпионаты: Жумашбек уулу жарым финалда жеңилди, эми коло үчүн күрөшөт (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>