Бишкекте Украинага гумжардам чогула баштады

Бишкекте Украинага гумжардам чогула баштады

Украинага  Бишкекте гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Бул тууралуу “Помогать легко” коомдук фондунун негиздөөчүсү Динара Аляева Фейсбукка жазып чыкты.

«Украинада болуп жаткан окуялардын видеолорун көрүү жана окуу мүмкүн эмес, ошондой эле эч нерсе кылуу да мүмкүн эмес. Келгиле, жардам чогултуп, өкмөтүбүзгө адам болуу кандай экенин көрсөтөлү. Баткендеги чек ара окуясынан кийин биздин балдар эң эле элементардык ысытма, жөтөлдүн дарыларына, жылуу кийим, тамак-ашка муктаж болушту. Азыр Украинанын калкы уктоочу каптарга, килемчелерге, жылуу жууркандарга, кургатылган жемиштерге, тез бузулбаган азыктарга муктаж», — деп жазган.

Ошондой эле  жардам берүүнү каалагандар үчүн да даректерин калтыра кеткен. Жаш Гвардия бульвары, 71а, Биринчи балдар хосписинин короосунда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>