Эртең, 2-ноябрда Бишкектин эки конушта убактылуу суу болбойт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарындагы суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу өчүрүлөт:
Калыс Ордо конушу – 9:00дөн 15:00гө чейин;
Мурас Ордо — 9:00дөн 17:00гө чейин.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, калкты жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну эскертет.